
Бириккен рухий семинариясы
Кыргызстанда эң биринчи деноменация аралык евангелдик семинариясы
2026-2027 окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу улантылып жатат
“Машаякчылык окутуу жана кызмат” программасына кош келиңиздер!
Теологиялык билим алуу — бул тек гана билим алуу эмес, бул руханий калыптануу.
Биз чыныгы теология жашоону өзгөртөрүнө ишенебиз. Биздин семинария терең библиялык билим берүү жана фундаменталдык теологиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргызстандагы ар түрдүү деноминациялардагы Ыйса Машаяктын жолдоочуларын бириктирет. Программабыз академиялык, тарыхый-теориялык жана практикалык ыкмаларды шайкеш айкалыштырган бүтүн христиандык билимди сунуштайт. Бул комплекстүү окутуу аркылуу биз студенттердин руханий жактан өсүшүнө көмөктөшөбүз. Ошондой эле Чиркөөгө жана коомго ишенимдүү кызмат кылуу үчүн Кудайды терең билген жана Ыйык Рухтан шыктанган Машаяктын жетилген шакирттерин калыптандырабыз
Окуу мөөнөтү
- •Диплом - 2 жыл
- •Бакалавр – 4 жыл
Окуу формасы: сырттан окуу, кечки (онлайн) жана ишенби күндөрү (онлайн)
Кабыл алуу шарттары
- •Жашы 18 жаштан улуу
- •Жыйындан рекомендация (атайын форма}
- •Абитуриенттин арызы (онлайн}
- •Санариптик сүрөт - 3х4см
- •Кабыл алуу комиссиясы менен маектешүү
Бүтүрүүчүлөр, көңүл буруңуздар!
Бул окуу жылында семинария өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрдүн арасынан бакалавр программасына студенттерди кабыл алууну жарыялайт.
БРСтин үч жылдык диплому болгон учурда, окуу мөөнөтү болгону 1–1,5 жылды түзөт. Окутуу формасы: сырттан, кечки жана дистанттык (онлайн)
БРС Кыргыз Республикасынын юстиция жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында катталган, Теологиялык билим берүү боюнча Европа кеңешинин (ECTE) мүчөсү болуп саналат жана учурда аккредитациялык баалоо процессинен өтүүдө.
Биз менен байланышууКелечекке көз карашыбыз жана вазийпабыз
Келечекке көз карашыбыз
Кудайдын көз карашы менен жетектелген, Анын даңкы үчүн жеке адамга да, коомго да кеңири таасир этүүчү Ыйсага негизделген жыйын.
Вазийпабыз
Бирдиктүү машаякчылык билим берүү аркылуу Кудайды терең тааныган, Ыйык Рухтун шыктандыруусу менен жыйынга жана коомго кызмат кылууга даяр, жетилген Машаяктын шакирттерин калыптандырууга катышуу.
Биз жөнүндө
Бириккен рухий семинариясы (БРС) – Кыргызстандагы беш машаякчы жыйын тарабынан негизделген, машаякчылылык Жакшы Кабар боюнча билим берүү окуу жайы.
Семинариянын максаты - Кудай Сөзүн терең билген жана Ыйса Машаяктын улуу тапшырмасын аткаруу үчүн, бүткүл Кыргызстанда жана анын чет жерлеринде да кызмат кылууга жөндөмдүү, дасыккан кызматчыларды даярдоо. Башында студенттер Бишкек шаарынан жана анын айланасындагы аймактардан гана кабыл алынып келген. Ал эми бүгүнкү күндө, сырттан жана онлайн ыкмада окутуу мүмкүнчүлүгү ачылып, Кыргызстандын бүткүл жети облусунан, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн студенттерди окутууга шарт түзүлдү. Семинария ишке киришкен убакыттан тартып, Казакстандык, Тажикстандык, Өзбекстандык, Кытайлык жана Түштүк Кореялык студенттер билим алып чыгышты.
Семинария, окуучулардын коомдо, жетекчилик жумушта, рухий билим берүүдө, социалдык иш чараларда жана миссионердик кызматта натыйжалуу лидер болуу аракетин ишке ашыруу үчүн, практикалык тажрыйбасын арттырууга, ошондой эле жеке сапатын жана башкалар менен байланышуу жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган, Ыйык Китепке негизделген окуу программалары менен камсыздоо милдетин алдыга коюуу аркылуу иш алып барат.
Семинария атайын бир деноминациянын кызыкчылыгын көздөбөйт жана зарыл болгон учурда Семинария менен кызматташаууга даярдыгын, ошондой эле анын ички тартибин сактоого жана окутуу эрежелерине макул экенин билдирген баардык деноминацияга караган да, деноминацияга карабаган да жыйындарга кызмат кылууга арналган. Семинариянын максаты, студенттерге Ыйык Китептин экзегезисин жана герменевтикасын кылдаттык менен жүргүзүүнү үйрөтүү менен ар бир окуучуга Кудайдын чындыктарын өз алдынча туура жана так изилдеп түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү.
Семинарияда алда канча туруктуу жергиликтүү жетекчилик кызмат кылат жана башка өлкөлөрдөн келген мугалимдер менен катар жергиликтүү мугалимдер сабак берет. Семинария «Камкорчулар кеңешинин» жетекчилиги астында иш алып барат.



Программабыз жөнүндө




Негизги теологиялык билим берүү программасы «Машаякчылык окутуу жана кызмат» диплому. Окуу формасы: Сырттан окуу бөлүмү (жылына 4 жолу эки жумалык сессия): окуу мөөнөтү - 2 жыл Кечки окуу бөлүмү (жылына эки семестр): окуу мөөнөтү - 2,5 жыл. Жалпы көлөмү: 96 кредит.
Программада төмөндөгүдөй теологиялык билим берүү бөлүмдөрү камтылган: Библиялык теология: теоретикалык жана тарыхый теология; руханий калыптануу, практикалык теология; жыйынтыктоочу дипломдук иш.
Программа Жыйында жана коомдо, машаякчылык кызматтын ар түрдүү чөйрөсүндө кызмат алып барууга жөндөмдүү жетекчилерди даярдоого арналган.
Программанын максаты – теоретикалык жана практикалык теология боюнча жогору билимдүү кызматчыларды, Ыйык Китепти чечмелеп жана башкаларга үйрөтө ала турган адистерди, жаңы жетекчилерди даярдоого жана жыйындагы ар кыл кызматтарды уюштурууга жөндөмдүү башчыларды даярдап чыгаруу.
Тарыхыбыз
Семинария ишке киришкенден тартып, 325 окуучу бүтүп чыгып, Жыйындарда жана коомдо жетекчилик, лидердик кызматтарды өтөп келишет.
1996
1996-жылдын сентябрь айында жергиликтүү машаякчы жетекчилер Бириккен рухий семинарияны негиздөө үчүн чогулуп, даярдык көрүү боюнча жумушчу комиссиясын түзүшкөн. Семинариянын негиздөөчүлөрү болуп беш жергиликтүү инжилдик жыйын чыккан: «Благодать», «Вера», «Надежда», «Антиохия» жана «Южная».
1997
Семинариянын жетекчи органдары түзүлүп, күндүзгү билим берүү программасы ишин баштады.
1999
Семинария алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарды.
2001
Июнь айында Семинария Кыргызстандын Юстиция министрлигине каттоого турду.
2002
Ош шаарында жыйын жетекчилери менен атайын өнөктөштүк мамилелер орнотулду
2008
Семинария Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлигинин лицензиясын алды.
2009
Семинариянын сырттан окуу программасы негизделди.
2013
Семинария Эвро-Азиялык Аккредитация Ассоциациясынын (ЭААА) мүчөлүгүнө ээ болду.
2014
Кечки окутуу формасы уюштурулду.
2015
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жыйын жетекчилери менен атайын өнөктөштүк мамилелер орнотулду
2018
«Машаякчылык окутуу жана кызмат кылуу» боюнча диплом программасынын күндүзгү, кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрү ЭАААнын аккредитациясынын толук макамына, ал эми «Машаякчылык окутуу жана кызмат кылуу» боюнча Бакалавр программасы ЭАААнын аккредитациясынан өтүү үчүн талапкер макамына ээ болду.
2020
Семинария пандемияга байланыштуу окутууну онлайн ыкмада жүргүзүп жатат. Азыркы тапта Семинариянын окуу программаларынын онлайн курстары даярдалып жана иштетилип жатат.
2025
Семинария Европадагы жана Жаңы Чыгыштагы христиандык теологиялык билим берүүчү мекемелерге кызмат көрсөткөн сапатты камсыздоо тармагы — ECTEнин (Европалык теологиялык билим берүү кеңеши) мүчөсү болду. Ошол эле жылы күндүзгү, кечки жана сырттан окутуу формасындагы «Христиандык билим берүү жана кызмат кылуу» Дипломдук программасы ECTE тарабынан өтөөлүү (өткөөл) аккредитацияга ээ болду.
2026
2026–2027-окуу жылында БРС өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилейт.
С момента основания семинария подготовила 325 выпускников, которые сегодня являются лидерами в церкви и обществе.
Семинария является межденоминационной и открыта для служения любым деноминационным и внеденоминационным церквям, которые нуждаются и желают сотрудничать при условии соблюдения устава и согласия с вероучением, которого придерживается семинария. Семинария стремится обучить каждого студента навыкам тщательной экзегетики и герменевтики, что позволяет давать верную и взвешенную оценку пониманию истин Божьих.
Семинария имеет достаточно стабильное национальное руководство и национальный преподавательский состав, наряду с представителями из других стран.
Руководящим органом семинарии является Попечительский совет.
Ишенимибиз
Биздин семинария Библияга негизделген тарыхый машаякчылыктын негизги чындыктарын карманат:
Бир гана түбөлүктүү Кудай бар – Ал Атанын, Уулдун жана Ыйык Рухтун биримдигинде бардык нерсени Өзүнүн эркине ылайык башкарып, дүйнөгө жана Жыйынга карата Өз оюн ишке ашырган ааламдын Жаратуучусу жана Эгеси.
Ыйык Жазуу (б.а. Библия) толугу менен Кудайдын Рухунун жетегинде, адам авторлор аркылуу жазылып, адамзат үчүн ачылган Кудайдын чындыктарын камтыйт. Ал толугу менен чындык жана анда жазылгандардын баары ишенимдүү.
Бардык адамдар Кудайдын бейнесинде жаратылгандыктан Кудай алдында баардыгы тең жана кымбат баалуу. Кудайдын сүйүүсү баардыгы тобо кылып, Аны менен элдешип, соттон кутулушун каалайт.
Күнөөдөн, жазадан жана күнөөнүн бардык кесепеттеринен куткаруу Ыйса Машайактын жасаган иштери – Анын каяшасыз тил алчаактыгы, биздин ордубузга өлүп, денедеги тирилүүсү жана Кудайдын даңктоосу аркылуу гана жүзөгө ашырылды. Ыйса гана чыныгы Кудай жана чыныгы адам, Кудай менен адамзаттын ортосундагы жалгыз арачы. Андан башка эч бир адам, эч кайсы ишеним, эч кандай иш аракет же күч аркылуу куткарылуу жок. Ар бир күнөөкөр Кудай алдында, Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу берилген Кудайдын ырайымы менен гана акталат жана Аны менен элдеше алат.
Ыйык Рух адамдын кайрадан төрөлүп, өсүп жетилиш үчүн жардам берет. Ыйык Рух ар убак Жыйын менен болуп, аны чындык жолунда, акылмандыкта, ишенимде, ыйыктыкта, сүйүүдө, кызматында, күчүндө жана миссиясында тынымсыз жаңылоо менен бекемдеп турат.
Баардык чыныгы ишенгендерди камтыган, Ыйсанын денеси болгон бир гана ыйык, бүткүл дүйнөлүк жана элчилик Жыйын бар. Жыйындын иши – Кудайга түбөлүккө табынуу жана бул дүйнөдө Кудайга кызмат кылуу.
Атасы Уулун бул дүйнөгө жибергендей эле, Теңирибиз Ыйса да Өз Жыйынын Кудайдын ишине сөзү менен да иши менен да кызмат өтөөгө жиберди.Жыйын: Машаяк жөнүндө жар салууга; Кудайдын чындыгын жана Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга; баардык элдерден шакирттерди даярдоого; муктаж болгондорго кылган камкорчулугу аркылуу Кудайдын мүнөзүн чагылдырууга; Кудайдын падышачылыгы чындык экенин жаратмандык жана аянбастык менен сүргөн өмүрү, бири-бирин сүйүүсү, акыйкаттыкка, адилеттикке, тынчтыкка жана Кудайдын жаратылышына кам көрүүгө умтулуусу аркылуу көрсөтүүгө чакырылган.
Теңир Ыйса Өзүнүн Атасына кандай көтөрүлүп кетсе, так ошондой эле Өзүнүн даңкы менен кайрадан кайтып келет, жана Аны баардык көздөр көрөт. Ал өлгөндөрдү тирилтип куткарат жана акыры Анын соту ишке ашат. Андан соң Кудай Өз падышачылыгын толугу менен орнотуп, Кудай Өзү түбөлүккө даңктала турган эч бир жамандык, ыймансыздык, эч кандай азап-кайгы жана өлүм өкүм сүрбөгөн, жаңы асманды жана жаңы жерди жаратуу ишин аягына чыгарат.
Китепкана
Семинариянын китепканасынын китеп фонду
Семинариянын китепканасы окурмандарын кыргыз, орус, англис жана корей тилдеринде жазылган китептер, окуу куралдары, мезгилдүү басылмалар жана башка материалдар менен камсыз кылат.
Семинариянын китепканасындагы китептер тез арада издеп таап алууга ыңгайлуу болуш үчүн каттоодон өткөрүлүп, атайын каталогго киргизилген.
Китепкананын фондунда 12 000 томдон ашуун китеп бар. Семинарияда студенттер жана мугалимдердин активдүү катышуусунда мезгил-мезгили менен Ыйык Китеп коомунун көргөзмөлөрү, толук Ыйык Китептин же анын айрым китептеринин жаңы котормолорунун презентациялары өткөрүлүп турат.
Семинария жаңы китептерди чыгарууга тапшырык берип жана китептерди кыргыз тилине которуу ишине сунуштарды киргизип турат. Жаңы басылып чыккан китептер басмаканалардын сайттары менен байма-бай текшерилип жана китепканага жаңы китептер чыкканын жарнама кылган каталогдор менен каттар келип турат.



