бириккен Рухий

Семинария

2022-2023 окуу жылына «Машаякчылык окутуу жана кызмат» программасына жаңы студенттерди кабыл алуу улантылып жатат!

«Кудайды таануу барына керек!

Кандайдыр бир деңгээлде ар бирибиз Кудай таануучу же теолог болуп саналабыз. Кандай теологбуз? Кеп ошондо. Кесипкөй теолог же теологияны сүйүүчү болсок да болот. Бардыгынан да, сабатсыз же чөп бышалаган Кудай таануучу болууга болот»

- Чарльз Райри

Биздин окуу программа теологиянын Ыйык Китептик, тарыхый-теориялык жана практикалык бөлүмдөрүн камтыйт.

Окуу мөөнөтү:

  • Димлом программасы - 2 жыл;
  • Бакалавр программасы - 4 жыл.

Окуу формасы - сырттан же кечки окуу, дистанциондук (аралыктан) же салттуу түрдө.


Кабыл алуу шарттары:

  • Жашы 18 ден жогору;
  • Жыйындан рекомендация;
  • Талап кылынган документтерди тапшыруу;
  • Ыйык Жазуу боюнча тест тапшыруу;
  • Кабыл алуу комиссиясы менен маектешүү.

Талап кылынган документтердин тизмесин жана үлгүлөрүн бул жерден таба аласыз.


Бүтүрүүчүлөргө кулактандыруу!

Бул жылы семинария «Машаякчылык окутуу жана кызмат» программасынын Бакалавр деңгээлине бүтүрүүчүлөр арасынан жаңы студенттерди кабыл алып жатат.


Үч жылдык дипломуңуз бар болсо, бакалавр программасынын окуу мөөнөтү 1-1.5 жыл гана созулат. Окуу формалары: сырттан окуу, кечки жана дистанциондук (онлайн).



***

БРС тиешелүү мамлекеттик мекемелер тарабынан каттоодон өткөн.

Биздин программа ЭААА (e-aaa.org) тарабынан аккредитацияланган.

Жаңылыктар

Акыркы жаңылыктар жана маанилүү кулактандыруулар

Семинария жөнүндө

Бириккен Рухий Семинария (БРС) – Кыргызстандагы үч машаякчы жыйын тарабынан негизделген, машаякчылылык Жакшы Кабар боюнча билим берүү окуу жайы.


Семинариянын максаты - Кудай Сөзүн терең билген жана Ыйса Машаяктын улуу тапшырмасын аткаруу үчүн, бүткүл Кыргызстанда жана анын чет жерлеринде да кызмат кылууга жөндөмдүү, дасыккан кызматчыларды даярдоо.


Башында студенттер Бишкек шаарынан жана анын айланасындагы аймактардан гана кабыл алынып келген. Ал эми бүгүнкү күндө, сырттан жана онлайн ыкмада окутуу мүмкүнчүлүгү ачылып, Кыргызстандын бүткүл жети облусунан, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн студенттерди окутууга шарт түзүлдү. Семинария ишке киришкен убакыттан тартып, Казакстандык, Тажикстандык, Өзбекстандык, Кытайлык жана Түштүк Кореялык студенттер билим алып чыгышты.


Семинария, окуучулардын коомдо, жетекчилик жумушта, рухий билим берүүдө, социалдык иш чараларда жана миссионердик кызматта натыйжалуу лидер болуу аракетин ишке ашыруу үчүн, практикалык тажрыйбасын арттырууга, ошондой эле жеке сапатын жана башкалар менен байланышуу жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган, Ыйык Китепке негизделген окуу программалары менен камсыздоо милдетин алдыга коюуу аркылуу иш алып барат.

Биздин тарыхыбыз

Кыргызстандын Бишкек шаарына Бириккен Рухий Семинарияны (БРС) негиздөө демилгеси 1996-жылы Жыйын жетекчилерине теологиялык билим алуу шарттарын түзүп берүүнү чечим кылган Түштүк Кореялык Жыйын жетекчилери тарабынан көтөрүлгөн.

1997-жылы Семинариянын жетекчи органдары түзүлүп, күндүзгү билим берүү программасы ишин баштады.

1999-жылы Семинария алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарды.

2001-жылдын июнь айында Семинария Кыргызстандын Юстиция министрлигине каттоого турду.

2002-жылы Ош шаарында филиалы ачылды.


2008-жылы Семинария Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлигинин лицензиясын алды.

2009-жылы Семинариянын сырттан окуу программасы негизделди.

2013-жылы Семинария Эвро-Азиялык Аккредитация Ассоциациясынын (ЭААА) мүчөлүгүнө ээ болду.


2014-жылы кечки окутуу формасы уюштурулду.

2015-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында филиалы ачылды.

2018-жылы «Машаякчылык окутуу жана кызмат кылуу» боюнча диплом программасынын күндүзгү, кечки жана сырттан окуу бөлүмдөрү ЭАААнын аккредитациясынын толук макамына, ал эми «Машаякчылык окутуу жана кызмат кылуу» боюнча Бакалавр программасы ЭАААнын аккредитациясынан өтүү үчүн талапкер макамына ээ болду.

2020-жылы, Семинария пандемияга байланыштуу окутууну онлайн ыкмада жүргүзүп жатат. Азыркы тапта Семинариянын окуу программаларынын онлайн курстары даярдалып жана иштетилип жатат.

Семинария ишке киришкенден тартып, 325 окуучу бүтүп чыгып, Жыйындарда жана коомдо жетекчилик, лидердик кызматтарды өтөп келишет.

Семинария атайын бир деноминациянын кызыкчылыгын көздөбөйт жана зарыл болгон учурда Семинария менен кызматташаууга даярдыгын, ошондой эле анын ички тартибин сактоого жана окутуу эрежелерине макул экенин билдирген баардык деноминацияга караган да, деноминацияга карабаган да жыйындарга кызмат кылууга арналган. Семинариянын максаты, студенттерге Ыйык Китептин экзегезисин жана герменевтикасын кылдаттык менен жүргүзүүнү үйрөтүү менен ар бир окуучуга Кудайдын чындыктарын өз алдынча туура жана так изилдеп түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү.


Семинарияда алда канча туруктуу жергиликтүү жетекчилик кызмат кылат жана башка өлкөлөрдөн келген мугалимдер менен катар жергиликтүү мугалимдер сабак берет.

Семинария «Камкорчулар кеңешинин» жетекчилиги астында иш алып барат.

Ишеним символу

Биздин семинария Библияга негизделген тарыхый машаякчылыктын негизги чындыктарын карманат:

  • Бир гана түбөлүктүү Кудай бар – Ал Атанын, Уулдун жана Ыйык Рухтун биримдигинде бардык нерсени Өзүнүн эркине ылайык башкарып, дүйнөгө жана Жыйынга карата Өз оюн ишке ашырган ааламдын Жаратуучусу жана Эгеси.
  • Ыйык Жазуу (б.а. Библия) толугу менен Кудайдын Рухунун жетегинде, адам авторлор аркылуу жазылып, адамзат үчүн ачылган Кудайдын чындыктарын камтыйт. Ал толугу менен чындык жана анда жазылгандардын баары ишенимдүү.
  • Бардык адамдар Кудайдын бейнесинде жаратылгандыктан Кудай алдында баардыгы тең жана кымбат баалуу. Кудайдын сүйүүсү баардыгы тобо кылып, Аны менен элдешип, соттон кутулушун каалайт.
  • Күнөөдөн, жазадан жана күнөөнүн бардык кесепеттеринен куткаруу Ыйса Машайактын жасаган иштери – Анын каяшасыз тил алчаактыгы, биздин ордубузга өлүп, денедеги тирилүүсү жана Кудайдын даңктоосу аркылуу гана жүзөгө ашырылды. Ыйса гана чыныгы Кудай жана чыныгы адам, Кудай менен адамзаттын ортосундагы жалгыз арачы. Андан башка эч бир адам, эч кайсы ишеним, эч кандай иш аракет же күч аркылуу куткарылуу жок. Ар бир күнөөкөр Кудай алдында, Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу берилген Кудайдын ырайымы менен гана акталат жана Аны менен элдеше алат
  • Ыйык Рух адамдын кайрадан төрөлүп, өсүп жетилиш үчүн жардам берет. Ыйык Рух ар убак Жыйын менен болуп, аны чындык жолунда, акылмандыкта, ишенимде, ыйыктыкта, сүйүүдө, кызматында, күчүндө жана миссиясында тынымсыз жаңылоо менен бекемдеп турат. 
  • Баардык чыныгы ишенгендерди камтыган, Ыйсанын денеси болгон бир гана ыйык, бүткүл дүйнөлүк жана элчилик Жыйын бар. Жыйындын иши – Кудайга түбөлүккө табынуу жана бул дүйнөдө Кудайга кызмат кылуу.
  • Атасы Уулун бул дүйнөгө жибергендей эле, Теңирибиз Ыйса да Өз Жыйынын Кудайдын ишине сөзү менен да иши менен да кызмат өтөөгө жиберди.Жыйын: Машаяк жөнүндө жар салууга; Кудайдын чындыгын жана Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга; баардык элдерден шакирттерди даярдоого; муктаж болгондорго кылган камкорчулугу аркылуу Кудайдын мүнөзүн чагылдырууга; Кудайдын падышачылыгы чындык экенин жаратмандык жана аянбастык менен сүргөн өмүрү, бири-бирин сүйүүсү, акыйкаттыкка, адилеттикке, тынчтыкка жана Кудайдын жаратылышына кам көрүүгө умтулуусу аркылуу көрсөтүүгө чакырылган.
  • Теңир Ыйса Өзүнүн Атасына кандай көтөрүлүп кетсе, так ошондой эле Өзүнүн даңкы менен кайрадан кайтып келет, жана Аны баардык көздөр көрөт. Ал өлгөндөрдү тирилтип куткарат жана акыры Анын соту ишке ашат. Андан соң Кудай Өз падышачылыгын толугу менен орнотуп, Кудай Өзү түбөлүккө даңктала турган эч бир жамандык, ыймансыздык, эч кандай азап-кайгы жана өлүм өкүм сүрбөгөн, жаңы асманды жана жаңы жерди жаратуу ишин аягына чыгарат. 

Прогамма тууралуу

Негизги теологиялык билим берүү программасы «Машаякчылык окутуу жана кызмат» диплому.

Окуу формасы:
  • Сырттан окуу бөлүмү (жылына 4 жолу эки жумалык сессия): окуу мөөнөтү - 2 жыл
  • Кечки окуу бөлүмү (жылына эки семестр): окуу мөөнөтү - 2,5 жыл).
Жалпы көлөмү 96 кредит.

Программада төмөндөгүдөй теологиялык билим берүү бөлүмдөрү камтылган:
  • Библиялык теология;
  • Теоретикалык жана тарыхый теология;
  • Практикалык теология;
  • Жыйынтыктоочу дипломдук иш.

Программа Жыйында жана коомдо, машаякчылык кызматтын ар түрдүү чөйрөсүндө кызмат алып барууга жөндөмдүү жетекчилерди даярдоого арналган.

Программанын максаты – теоретикалык жана практикалык теология боюнча жогору билимдүү кызматчыларды, Ыйык Китепти чечмелеп жана башкаларга үйрөтө ала турган адистерди, жаңы жетекчилерди даярдоого жана жыйындагы ар кыл кызматтарды уюштурууга жөндөмдүү башчыларды даярдап чыгаруу.

Ректордун кайрылуусу

Урматтуу достор, 

Биз, Машаякчылык окутууга байланыштуу адабияттар кенен-кесир жетишкен заманда жашап жатабыз. Мындай молчулук алгачкы машаякчылардын үч уктаса түшүнө кирбесе керек. Азыркы учурда Ыйык Китепти изилдөө үчүн эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бир телефондун ичине бир китепкананы толугу менен батырып алууга болот. Бирок, ушундай укмуштуудай өнүгүп-өсүү менен катар, баардык жерлерде олуттуу машаякчылык окутууга кызыгуунун жоголуусу сыяктуу терс көрүнүштөр да болуп жатканы байкалбай койбойт. Чындыгында бүгүнкү күндө, талыкпастан олуттуу даярданууга кызыктар кызматчылар арабызда абдан аз кездешет.

Балким бүгүнкү күндө, ишенгендердин көпчүлүгү негизги теологиялык маселелерден алыс болуп, ишенимдин жеңил-желпи, жан кейитпеген маселелерине гана көңүл буруп жаткандыр. 

Кандайча туура жашай алабыз, канткенде ийгиликке жетебиз, кантип кызматчы боло алабыз, кандай кызмат кылабыз? Буга чейинкилердин машаякчылык билим алууга же берүүгө кылган мамилесин карап отуруп таң каласың. Муну, дарыгер капысынан эле баардык, анатомия, физиология боюнча китептерден алган билимин четке кагып, бейтаптарды жалаң гана дары чөптөр жана сүлүк курттар менен дарылай баштаганы менен салыштырууга болот.
 
Машаяктын кызматчысы үчүн ар тараптуу билим алуу өтө зарыл. Анткени Машаяктын кызматчысынын жоопкерчилиги дарыгердин жоопкерчилигинен алда канча жогору. Дарыгер дененин гана оорусун айыктырууга жооптуу болсо, кызматчы, адамдын денесинин алда канча маанилүү, терең жерине залал келтирип, болуп көрбөгөндөй кесепеттерге дуушар кыла турган рухий оорулардын айыгуусу үчүн жоопкерчиликтүү. 

Биздин семинария кызматчыга, Кудайдын чындыгы жөнүндө объективдүү көз карашка ээ болуп, аны сактап жана ыйыктардын Кудайдын ишинде жеткилеңдикке жетишүүсү үчүн кылган кызматы алда канча натыйжалуу болуусу үчүн машаякчылык окутууга жана кызмат кылууга байланыштуу негизги билимди алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Кудай биздин, Ыйык Китептен мүмкүн болушунча так жана толук окутууга ээ болуубуз үчүн болгон күч-аракетибизди жумшоого аракет кылуубузга татыктуу. Ошондуктан, сиздерди биз менен бирге Кудайдын укмуштуудай дүйнөсүн жана даңкын ачып берген Сөзүнө кереметтүү саякатка чыгууга чакырабыз!
Осмоналиев Э.М.
Бириккен рухий семинариянын Ректору
Китепкана

Семинариянын китепканасынын китеп фонду


Семинариянын китепканасы окурмандарын кыргыз, орус, англис жана корей тилдеринде жазылган китептер, окуу куралдары, мезгилдүү басылмалар жана башка материалдар менен камсыз кылат.

Семинариянын китепканасындагы китептер тез арада издеп таап алууга ыңгайлуу болуш үчүн каттоодон өткөрүлүп, атайын каталогго киргизилген.

Китепкананын фондунда 12 000 томдон ашуун китеп бар. Семинарияда студенттер жана мугалимдердин активдүү катышуусунда мезгил-мезгили менен Ыйык Китеп коомунун көргөзмөлөрү, толук Ыйык Китептин же анын айрым китептеринин жаңы котормолорунун презентациялары өткөрүлүп турат.

Семинария жаңы китептерди чыгарууга тапшырык берип жана китептерди кыргыз тилине которуу ишине сунуштарды киргизип турат. Жаңы басылып чыккан китептер басмаканалардын сайттары менен байма-бай текшерилип жана китепканага жаңы китептер чыкканын жарнама кылган каталогдор менен каттар келип турат.